
Сабыркул Ашимбаев президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 71-беренесине ылайык, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул Абасович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.