
Талантбек Бекташов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-июнда Бекташов эмгек жамаатына тааныштырылды.
Талантбек Бекташов 1986-жылы туулган, жогорку билимдүү. Буга чейин президенттин администрациясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүндө бөлүм башчы – жетекчинин орун басары болуп иштеген.