
Баткен шаарынын 39 жаштагы тургуну дубалга илип койгон 5 миң сомдук килеми уурдалганын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен иш ачылып, ыкчам иликтөө жүргүзүлгөн.
Анын натыйжасында жоголгон килем буюм ээсинин коңшусу, 43 жаштагы Т.А.нын үйүнөн табылган.
Килем ээсине кайтарылып, азыркы күндө тергөө жүрүп жатат.