
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында командалык эсепте 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты билдирди.

Кыргызстандык 10 спортчу медалдар үчүн ат салышып, төрт алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушту.
Эске салсак, аталган оюн 19-июнда башталган.