Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “КР судьяларынын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана КР Судьялар кеңешинин сунушу боюнча КР Судьялар кеңеши КР башкы прокуроруна кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Арзиев Ачылбек Муракимович КР жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Home Негизги жаңылыктар Президент Ачылбек Арзиевди КР жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетти