Билим министри: Окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө токтом кабыл алынат

Аталган маселе боюнча токтом Министрлер кабинетине эртең кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 16-июнда өткөн жыйынында билдирди.

«Биз жалпы бир бүтүмгө келдик. Бул боюнча мугалимдер арасында да, ата-энелер арасында да, коомчулук арасында да сурамжылоолор жүрдү.

Көрсөткүч окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө жүрүп жатат. Андыктан бул маселе боюнча токтом долбоору Министрлер кабинетине эртең кирет. Бир же эки жуманын ичинде окуу жылын 1-сентябрдан баштоо жөнүндө токтом кабыл алынат», — деди министр.