Түркияда кыргызстандык келин таксиде көз жарды

Түркиянын Анталия провинциясынын Кепез районунда кыргызстандык келин таксиде көз жарды. Бул тууралуу түркиялык ЖМКлар жазышты.

Маалым болгондой, 31 жаштагы Самара Сатылмыш такси менен төрөтканага чейин жеткен, бирок медайымдар төрөттү унаанын ичинде кабыл алууга туура келген.

“Мен азыр абдан толкунданып турам. Чынын айтканда шок болдум.

Таксиде төрөйм деп эч ойлогон эмесмин. Мени такси менен ооруканага чейин алып келишти. Таксиден ооруканага алып барууга аракет кылышты, бирок майнап чыккан жок. Медайымдар төрөттү унаанын ичинде кабыл алышты. Бул окуя заматта болуп кетти. 2-3 саат кыйналам деп ойлогом, андай болгон жок”, — дейт Самара Сатылмыш.