Аквапарктан чөгүп кеткен баланын апасы Эдил Байсаловго: “Кандай адамдык сапаты төмөн адамсыз?”

Сууга чөгүп каза болгон окуучунун апасы Асель Акылбек кызы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун окуучунун өлүмү боюнча берген комментарийине жооп берди.

“Урматтуу Эдил Байсалов, сизге сөз жок. Кайсы бетиңиз менен уулумдун өлүгүн башка кыздын оорусу менен салыштырып жатасыз? Мен оорукчан эмес, дени сак уулумду мектеп менен жөнөткөм.

Менин баламдын өлүмүн соттук медициналык экспертиза “Чөгүп кеткен” деп чыгарып берди. Кандай адамдык сапаты төмөн адамсыз? Мени ооруп каза тапкан кыздын энеси менен салыштырбаңыз. Сиздин балдарды кудай сактасын, мендей чыркырап кала көрбөңүз”, – деп жазган апасы.

Буга чейин Эдил Байсалов аквапаркта болгон окуя боюнча пикирин билдирип, мугалимдердин да укугу корголушу керектигин айткан.