Акыркы коңгуроо күнү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт

ЖКККББ: 9-июнь күнү өлкөнүн бардык аймактарындагы билим уяларында акыркы коңгуроого арналган иш-чаралар уюштурулууда.

Бул күндөрү жол-тарнспорт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында 1 миңден ашуун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкармалыктын кызматкерлери республика боюнча жолдогу көзөлөлдү күчөтүшүп, рейддерди уюштурушат. Акыркы коңгуроодон кийин окуучулар автоунаа, кортеждер менен эс алуу жактарга чыгып кетүүсүнө чектөөлөр коюлат.

Рейд учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

WhatsApp Image 2022 06 09 at 10.09.52 Акыркы коңгуроо күнү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт


ЖКККББнын кызматкерлери, бул күндөрү ата-энелерден уул-кыздарына автоунааларын бербөөгө чакырат. Буга чейин майрамдык салтанаттан учурунда, эс алуу жайларына бараткан окуучулардын жол кырсыгына кабылган учурларын эске алып, өз балдарыңыздардын коопсуздугуна терең көңүл бурууңуздарды эскертет.

WhatsApp Image 2022 06 09 at 10.09.51 1 Акыркы коңгуроо күнү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт
WhatsApp Image 2022 06 09 at 10.09.51 Акыркы коңгуроо күнү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт
WhatsApp Image 2022 06 09 at 10.09.55 1 Акыркы коңгуроо күнү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт
WhatsApp Image 2022 06 09 at 10.09.53 Акыркы коңгуроо күнү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт
WhatsApp Image 2022 06 09 at 10.09.55 Акыркы коңгуроо күнү жол сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт
ЖККБ күчөтүлгөн тартипте иштейт


КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы