“Ак-Кеме” мейманканасын атайылап банкрот кылышууда, – Эрулан Кокулов

“Ак-Кеме” мейманканасын атайылап банкрот кылышууда. Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, мейманкананын 2021-жылдагы кирешеси 300 миң сомду түзгөн. Ушундай эле сумманы имараттын жанында жайгашкан 20 чарчы метрлик кафе жылдык ижарага төлөйт.

«Кантип эле аймагы чоң, бассейни бар, кафеси да бар мейманкананы банкрот кылып жатышат. Эмне үчүн кичинекей кафе чоң мейманканадан пайдалуураак? Мага лифт жок деп айтышты. Бир лифттин баасы 28,2 миң доллар болорун билдим. Керек болсо бул жерди кеңсе кылып койсо болот”, — деди Кокулов.

Депутат мейманкананын эски жетекчилигине карата кылмыш иши бар экенин, анын аягы эмне менен аяктаганы белгисиз деп кошумчалады.