Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө сабалган жоокер кызматкеринин абалы орточо оор. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда аталган башкармалык кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.
«Алты адам кызматынан четтетилди. Алардын арасында офицерлер жана прапорщиктер бар. Бекзат Эсенбековду кароодо фельдшер эч кандай жаракаттарды көргөн эмес. Буттарынан гана шишик табылган», — деди Урматбек Шамырканов.
Жыйында сабалган жоокердин апасы уулуна улам бирдик салып жүргөнүн айтты.
“Баламдын айтуусу боюнча анын башына күкүрт коюп чуркатышчу”, – деди кейиген апа.
№86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокер Бекзат Эсенбековго 4-июнда операция жасалган.
“Жабырлануучу Талас облусунун тургуну болот. Ал №86123 аскердик бөлүгүндө нөөмөтүн өтөп жаткан. Алгач мага бөлүмдүн командири анын пневмания болуп, ооруканага жатып калганын маалымдаган. Андан кийин бутунда шишиги бар экени аныкталган.
Андан соң республикалык ооруканага жиберилген. 4-июнь күнү дарыгерлер операция кылышкан. Анын жыйынтыгында табарсыгы жарылып кеткени аныкталган. Жоокер туугандарына аскер бөлүктүн командири аны табарсыкка тепкенин билдирген. Учурда анын абалы туруктуу оор деп бааланууда”, — деди ал.
Эске салсак, 31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Туугандарынын айтымында, ал сегиз ай бою кордук көргөн.