Бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Адахан Мадумаров Башкы прокуратура өз укугуна өзү ээ боло албай жаткандыгын сынга алды.
«Башпрокурорго жараша кандай аракет болуп атат? Ал эми Башрокуратура унчукпай отурат»,-деди.
Мындан сырткары «изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан, жарандардын укуктарын кескин түрдө бузулуусу, видео жана аудио жазууларды оперативдүү тартып, жарыялагандарды жазага тарткыла»,-деген тапшырманын аткарылгандыгына кызыкты.
«Июнь айына чейин маалымат бергиле дегенбиз. Кандай маалымат бере аласыз?»,-деп суроо узатты.
Башкы прокуратуранын өкүлүнөн канааттандыраарлык жооп болгон жок.