Жарандын ишенимге кирип 70 миң сомун алып, качып кеткен жаш жигит кармалды

Бишкектин тургуну тургуну чала таанышына алданып, 70 миң сомун алдырып койгон. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.


Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында шаар тургуну милицияга кайрылган. Анда ишенимге кирип 70 миң сомун алып, качып кеткен чала таанышына карата чара көрүүнү суранган. Бүгүнкү күндө алдамчылыкка шектүү колго түшүрүлдү.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.


Жогорудагы кылмышка шектелип 21 жаштагы Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жогун тактоо иштери улантылып жатат.


Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(500) 03-03-05, 0(700) 05-15-35 же 102.