
Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.