
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагындагы Ош-Исфана унаа жолунун болжолдуу 120-чакырымында «АСJ Хундай аванте» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«3 куткаруучу тарабынан өрт саат 16:22де чектөөгө алынып, саат 16:30да толугу менен өчүрүлгөн. Тилекке каршы унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес»,-деп айтылат маалыматта.