Ок атышуу токтоду, эки тараптан тең жарадар болгондор бар

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу орун алып анда эки тараптан тең жарадар болгондор бар.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы тастыктады.

«2022-жылдын 3-июнунда саат 14:15те атышуу аяктап, эки тараптан тең жарадар болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя катталганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик тараптын аскердик оор техниканы чек ара сызыгына алып өткөнүн кабарлаган.