Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалган учурдун видеосун жарыялады. Маалым болгондой, министрге айрым кызмат адамдары менен биргеликте бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз адалдоо ыкмасын уюштурган деген айып тагылууда.
«2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин өлкөгө эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн коронавируска каршы 451 миң 560 доза вакцина келген. Андан тышкары мамлекет башчысы Кытай жана Орусиянын президенттери менен кошумча 6 млн дозадан ашуун вакцинаны бекер алуу боюнча сүйлөшкөн.
Бирок буга карабастан, министр Бейшеналиевдин жеке буйругу аркылуу 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөнүн менчик компанияларынан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго 2 млн 460 миң доза вакцина сатылып алынган. Анын акчалары оффшордук аймакка которулганы тастыкталган.
Натыйжада гуманитардык жардам иретинде келген 3 млн 147 миң 640 доза вакцина турса да, кызмат адамдары пайда табуу максатында ашыкча 2 млн 460 миң доза вакцина сатып алышкан. Мунун кесепетинен 243 миң 223 доза вакцинанын мөөнөтү өтүп кетип, керектен чыгып калган. Мындан өлкө казынасы 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом өлчөмүндө зыянга учураган»,-деп жазылат прокуратура тараткан маалыматта.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.