Бүгүн, 3-июнда “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынан өтпөй калган айрым мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери сынактын жыйынтыгына нааразы болуп, Билим берүү жана илим министрлигин имаратынын алдына чогулушту.
Атын атагысы келбеген бир нече ата-энелердин айтымында, сынактын суроолору түшүнүксүз болуп калгандыктан көпчүлүк окуучу өтө албай калды.
“Бүгүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгына аппеляциялык арыз берүү үчүн келдик. Себеби кечээ өткөн сынактан Бишкек шаары боюнча 35 гана окуучу өткөн.
Анткени сынактын суроолору татаал жана түшүнүксүз болгон. Ошол эле учурда бүтүрүүчүлөргө түзүлгөн тест мектеп программасына дал келген эмес. Мындан улам сынактын жыйынтыгын көрүп, териштирүү үчүн келгенбиз. Ата-энелер нааразы болуп жатышат”.