
Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчы билим берүү жана башка имараттардын абалы менен таанышат. Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.
Комплекстин ачылышы УТРК телеканалы аркылуу саат 14:00дө түз көрсөтүлөт.