Кыргызстанда жинсы кийимдери чыгарыла баштайт

Кыргызстанда биринчи жолу жинсы кийимдердин өндүрүшү ишке кирди. USAID «Текстил Транс» ишканасына 8,4 миллион сомдук жабдууларды алып берди, – деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы.

«Текстиль Транс» ЖЧК жана «Салкын» ЖЧКлар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Нургазы Мышыевдин айтымында, компания алгач жергиликтүү рынокко чыга турган эркектердин, аялдардын жана балдардын джинсы шымдарын чыгарууну көздөп жатат. Келечекте башка өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнө сунушталат.

Өткөн жылы ишкерлер MENIKI бренди менен биринчи ата мекендик массалык рынокту ишке киргизип, учурда брендди кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Жаңы объекттин ишке кириши менен компания 350дөн ашык толук убакыттуу жумуш орундарын түзүп, продукциясын сатууну көбөйтөт деп күтүлүүдө.

Мен бул жаңы мекеме жергиликтүү аялдар жана жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзөөрүнө сыймыктанам”, — дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын директору Кая Адамс.

Маалымдама: «Текстиль Транс» ЖЧКсы — Кыргыз Республикасындагы пахтадан токулган толук циклдеги эң ири өндүрүүчүсү. Бүгүнкү күндө Textile Trans компаниялар тобуна жалпы аянты 25 миң чарчы метр болгон беш завод кирет, аларда 1,5 миңден ашык кызматкер иштейт.

Жабдуулар USAIDдин атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана долбоорунун алкагында берилди. Долбоор текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, IT, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен иштешип, алардын өндүрүшүн жана сатууну кеңейтүүгө көмөктөшөт, бул өлкөдө жумуш орундарын түзүүгө алып келет. 2018-жылдан бери долбоор Кыргыз Республикасы боюнча 120дан ашык бизнеске колдоо көрсөтүп, натыйжада 15 000ден ашык туруктуу жана сезондук жумуш орундары түзүлдү.