Ичип жаткан сууда «динозардан башка бардык жаныбырлардын өлүгү бар», – депутат

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Ош округу боюнча шайланып келген депутат Айбек Осмонов сөз сүйлөп, Ош облусундагы Папан суу сактагычына байланыштуу маселени көтөрдү.

«Папан суу сактагычынан Араван, Кара-Суу району, Ош шаары суу ичет. Кечээ Бишкектен активисттер барып келишти. Ал жерде иттин, куштун, мышыктын, жергиликтүү тургундар айткандай «динозардан башка бардык жаныбырлардын өлүгү бар»,- деди Осмонов.