
Кыргызстандын Улуттук банкы 1-июнга карата валюталардын сомго карата курсун жарыялады. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, рубль сомго карата кайрадан кымбаттап, бир күндө 1,89%га бекемдеп, 1,2746 сомго бааланды.
Теңге да сомго карата кымбаттап, 1,76%га бекемдеп, 0,1966 сомду түздү.
Евро менен доллар, тескерисинче, сомго карата арзандады. Америка валютасынын наркы 1,28%га төмөндөп, 81,51 сомго бааланды, евро бир күндө 1,58% арзандады. Анын курсу 87,4725 сомду түздү.

Коммерциялык банктардын жана акча алмаштыруучу жайлардын кассаларында доллардын курсу сатып алууда 80,50-82 сомду, сатууда 81,5-83 сомду түзүүдө. Рубль сатып алууда 1,18-1,22 сомго, сатууда 1,33-1,35 сомго бааланууда.