
Бишкек шаарында башы кыпчылып калган наристе куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жал кичи районунун №86 турак үйдүн ичинде 2018-жылы туулган Б.А. аттуу кичине бала керебеттин астына кирип башы кыпчылып калган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, алар баланы чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришкен.