
31-майда борбор калаада курулуп жаткан социалдык объектилерге пресс-тур өткөрүлүүдө. Журналисттер республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектеп жана бала бакчанын курулуш этаптары менен таанышууда.
Анын алкагында маалым болгондой №20 мектептин жанына кошумча имарат салынаары айтылды. Мектеп Октябрь районунда жайгашкан, тактап айтканда жетинчи кичирайон.
Анын жалпы аянты 5035 чарчы метр түзгөн 500 орундуу мектеп.