Кыздар кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга кол көтөрдү

Бишкектеги Ынтымак паркынын жанында кыздар кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга кол көтөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

c6134687 52bb 439d 8998 Кыздар кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга кол көтөрдү

Маалыматка ылайык, Ч.Айтматов жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей, ал жерде унаа кыймылын кайгуул кызматкерлери жөнгө салып жаткан.

Айдоочулар кайгуул кызматкерлерине унаа кыймылына тоскоолдук жараткан кайырчыларды жолдон алууну өтүнүшкөн. Бирок, кайырчылык менен алектенген кыздар аларды укпай, кызматкерлерге кол салып, ур-тепкиге алышкан.

Кийин кыздар Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.