Мугалим окуучу кызга кол көтөрдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаров айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте мугалим окуучуну сабап жаткандагы видео социалдык тармакка жайылууда.

Ал орусча да оозго алгыс сөздөр менен сөккөн,

Видеодо мугалим “мен сенин апаң менен теңмин, сен менин кызым менен теңсиң, оозуңду жап”-деп утур-утур айтып, башка көзгө койгулап жатканын көрүүгө болот. Классташтары мугалим эжейин сооротуп, “эжей болдуңуз эми”- деп жатканын угууга болот. Видеону болсо ошол мектеп окуучулардын бирин тартып жатканы байкалат.