Депутат Динара Ашимова өз ыктыяры менен Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын милдеттерин аткаруудан баш тартты.
Бул тууралуу арыз түшкөнүн “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Ашимованын өтүнүчүн канааттандырып, ордуна Венера Раимбачаеванын талапкерлигин кароону өтүндү.
Динара Ашимова мындай өтүнүчүн Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында Жогорку Кенештин делегациясынын төрайымынын милдетин аткарып жаткандыгы менен түшүндүргөн.