
Экс-президент Алмазбек Атамбаев кардиологиялык борборго алынып келинди. Бул тууралуу мурдагы депутат Ирина Карамушкина Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, соттор Атамбаевдин адвокатынын дарылануу өтүнүчүн канааттандырган.
«Экс-президент Атамбаевди бүгүн кардиология борборуна алып келишти. Бирок алар Алмаз Атамбаевди конвойлор менен коштоп алып келишти», -деп жазды Ирина Карамушкина.