
Жалал-Абадда мектептин шыбы кулап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы (потолок) урап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык каттаган жерге № 79 ӨК-КБнүн 3 куткаруучусу тартылып, куткаруу жумуштарынын натыйжасында 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылып Ала-Буа райондук ооруканасына жөнөтүлдү.