Петровкадагы №8 мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүүгө аракет кылышкан

Петровкадагы №8 мекеменин аймагына тыюу салынган нерсени өткөрүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-майда кечке мал саат 16:30дар чамасында Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылындагы жайгашкан №8 мекеменин тосмолорунун биринин жанынан 2000-жылы туулган А.К.А аттуу жаран кармалды.

Петровкадагы №8 мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүүгө аракет кылышкан

Мекеменин кызматкерлери өздөрү кайтарып жаткан түзөтүү мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрбөй кармап калышты.

13631661986a21feed89c8ffa32bc7c75318559 Петровкадагы №8 мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүүгө аракет кылышкан

Анын Ауди үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда 9,05 литр суюктук куюлган идиштер табылган, анын так курамын аныктоо үчүн тийиштүү адистерге жөнөтүлдү.