
Бүгүн, 17-майда, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, кармалды.
Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.
Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
