
Талас облусундагы жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 5 киши жабыркады, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 163-чакырымында “Mercedes Benz Sprinter” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 1994-жылы туулган Б. уулу А., 1976-жылы туулган К.Т., 1994-жылы туулган Б.уулу.Ш., 2001-жылы туулган О.И., 1989-жылы туулган Н.М. аттуу 5 эркек киши ар кандай жаракат алышкан.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, 2 жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.