
Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин терагасы Акылбек Жапаровго, УКМКнын терагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылышты.
Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министринин 3 орун басары, Жапаркул Ташиев, Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектургановдор маалымат жыйын беришкен. Анда алар, министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу талабын айтышкан.