Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу жабылат

11-18-май күндөрү Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу жабылат. Аралдан Казарман айылына чейин автоунаа менен жүрүүгө болбойт. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуз болушу, сел жана башка жер көчкүлөрдөн трассаны тазалоодо тоскоолдуктар жаралбашы үчүн жолдун бул бөлүгү убактылуу жабылат.

Транспорт министрлиги айдоочулардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен кароону суранышып, бара турган жолдорду алдын ала пландап алууга кеңеш беришти.

Буга чейин «Кыргызгидромет» шашылыш билдирүүсүндө 10-14-майда аба ырайы бузулуп, өзгөрүп турарын айтып, тоолуу райондордо нөшөрлөгөн жамгыр жаап, кар түшүшү мүмкүндүгүн эскерткен.