
21-апрелде саат 07:00гө карата «Ак-Тилек» постунда кезекте 105 оор жүк ташуучу унаа турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” чек ара постунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31 жана 33-чакырымдарында 16-апрель күнү төрт даана чатыр орнотулуп, сегиз куткаруучу, тез жардам кызматынан бир бригада жана үч милиция кызматкери нөөмөттө турат.
Кечээ, 20-апрель күнү 280 айдоочуга тамак-аш берилген