Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору, – ӨКМ

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-апрелден 17-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-223, 246-чакырымдарына (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.