
Нарын районунун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулар арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, эрте никеге туруу, жаш балдар арасында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат.
Иш-чара Нарын райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ардагерлер кеңеши жеринде ата-энелер менен жолугушуулар уюштурулуп, район аймагында катталып жаткан укук бузуулар боюнча маалыматтар жеткирилип, кылмыш кырсыктардын алдын алуу багытында Нарын РИИБнин жетекчилиги тарабынан профилактикалык түшүндүрүү иштери тынымсыз өткөрүлүп жатат.