
Бишкектин Ленин райондук соту көп кабаттуу үйдүн дубалынын кулашы боюнча кармалган эки прорабдын баш коргоо чарасын өзгөрттү.
Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, эки прораб үй камагына чыгарылды.
Эскерте кетсек, 26-мартта Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы эки кабаттуу үйдүн чатырына кулап түшкөн.
Аталган факты Кылмыш кодексинин 272-беренесинин 2-бөлүгү менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө дубалы кулаган көп кабаттуу үйдүн прорабдары 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.