Бул тууралуу 24.kg жазды. Анда Эдил Байсалов аялдардын пенсияга кеч чыгаруу сунушу тууралуу өз пикирин билдирген.
Анын айтымында, пенсиялык системада көп көйгөйлөр бар, аларды чечүү керек. Парламентте анын чечүү жолдору айтылды. Алардын бири аялдардын пенсияга чыгуу боюнча жаш курагын жогорулатуу.
Байсаловдун айтымында, азыркы аялдар менен мурунку аялдарды салыштыруу мүмкүн эмес.
“Эгер мындан жыйырма жыл мурда элүү жаштагы аялдар картаң көрүнсө, учурда алтымыш жаштагы аялдар жаш көрүнөт.
Лермонтов менен Пушкиндин чыгармаларында кырк жаштагы аялдар кемпир деп эсептелчү”, – деди ал.
-Мурунку аптада Президенттин администрациясында бир катар пенсиядагы аялдар жумуштан кетти. Мен алардын жаш курагын билгенде абдан таң калдым, – деди Байсалов.