
Жалал-Абадда сууга боюн таштаган 66 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең мененки саат 9:55тер чамасында Майлуу-Суу шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Майлуу-Суу сайына 58 жаштагы С. С. аттуу жаран өзүн сууга таштады деген маалымат келип түшкөн.
«Саат 11:35те издөө иштеринин жыйынтыгында эркек кишинин жансыз денеси табылды»,-деп айтылат маалыматта.