
Жумгалда 2 жашар бала сууга түшүп кетип, чарчап калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жумгал районунун Чаек айылында Жумгал суусуна 2020-жылы туулган А. уулу С. аттуу эркек бала түшүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 9 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылып, жергиликтүү тургундар тарабынан жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.