Өзгөндө “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун лидери кармалды

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына интернет аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна таандык материалдарды жайылтып жүргөн жаран тууралуу маалымат алышкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында жарандын өздүгү, жашаган жери аныкталган. Ал Ош облусунун Өзгөн шаарынын 53 жаштагы Т.Б. аттуу жараны болуп чыккан.

Тергөөдө Т.Б. социалдык тармактар аркылуу “Хизб ут-Тахрир” уюмуна таандык болгон диний экстремисттик адабияттарды жайылтып, Өзгөн шаарынын кээ бир тургундарына уюмдун идеяларын жайылтуу иштерин жашыруун жүргүзүп жүргөндүгү аныкталды.

Ошондой эле шектүү Өзгөн шаары боюнча “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун лидери болгон. Анын жанынан аталган уюмга таандык электрондук форматтагы материалдар сакталган телефондор алынды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.