Бул ирет чын. Владимир Жириновский каза болду

Россиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду.

Бул тууралуу Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин билдиргенин РИА Новости жазды.

Пленардык жыйындын башталышында депутаттар саясатчыны бир мүнөт эскеришти.

Кошумчалай кетсек, 75 жаштагы Жириновский 1946-жылы Казакстандын Алматы шаарында туулган.