БШК Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, күбөлүк жана төш белги тапшырды

Бүгүн, 6-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовду №29 Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, күбөлүк жана төш белги тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы кабарлады.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Бишкектин административдик соту 15-мартта БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон.

22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган.

Талапкер БШКнын дооматын четке кагып, аны «каралоо» катары сыпаттаган жана Жогорку сотко арызданган. Бирок Жогорку сот Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруунун мыйзамдуулугу боюнча Бишкектин Административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган эле.