Алмазбек Атамбаев: Бийлик Бакиевдердин алдындагы милдетин аткарып жатат

Бүгүн алтынчы апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш ишин карап жатат.

Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн сотко күчтөп алып келишкени тууралуу пикирин айтты.

«Ушул аптанын башында башталган «спектакль» – 7-апрелге байланыштуу болуп жатат деп ойлойм. Бул Бакивдерди кубантуу максатында жасалып жатат. Алардын татыктуу окуучулары келип, Атамбаевге ушундай мамиле жасалып жатканын көрсөтүүнү каалап жатышат. Бул цирктин баары ушул үчүн.

Мен сот отурумунда эч кандай суроого жооп берген жокмун, сөз да сүйлөгөн жокмун. Буга чейин бир өкүм, 11 жыл камоо боюнча чыгарылган чечим менин катышуум жок эле чыгарылган. Азыркы аракеттер бийликтин Бакиевдердин алдындагы милдетин аткарып жатканын көрсөтөт. Башкача түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок мен күчтүүмүн, баары бир аман калам», — деди Алмазбек Атамбаев.