Окуу сааттарынын кыскарышы мугалимдердин маянасына таасир тийгизбейт, – министр

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Министрдин айтымында, мугалимдердин айлыгы өтүлгөн сааттарга карата эмес, оклад катары белгиленди. Мындан улам, сабактардын сааты кыскартылса, мугалимдердин айлыгы да кесилет деген туура эмес.

«2022-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде (мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы орто билим берүү уюмдарында, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик берүү уюмдарында) иштеген педагогдордун айлык акысы 80 пайызга, ал эми административдик-башкаруу кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлɵɵ кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга жогорулатылды. Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен педагогдордун эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргиздик:

мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысын сааттык негизде төлөө шарттарынан баш тартып, ставка боюнча төлөөгө өттүк.

Педагогдордун эмгек акысын эсептөөнүн бул модели боюнча жогорку класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка 18 саатты, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка – 16 саатты түзөт. Окуу жүктөмүнүн эң чоң көлөмү 27 саатты же 1,5 ставканы түзөт.

Бул – айлык акынын көлөмү эми туруктуу болот дегендик. Андан тышкары министрлик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо максатында 136 өлкөнүн моделин изилдеп, алгылыктуу моделди Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарынын жогорку класстарына киргизүүнү мерчемдеп жатат. Окуучулардын жылдык жүктөмүнүн кыскарышы мугалимдердин айлык акысына эч кандай терс таасирин тийгизбейт»,-деп жазган ал.

Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев аталган тармакта жасала турган реформалар тууралуу маалымат берген. Анын айтымында, Кыргызстандын мектептериндеги окуучулардын сабактарынын жылдык жүктөмү учурда 1020 саатты түзөт. Бул окуучу үчүн өтө оор жана физикалык, психикалык жактан басым болуп саналат. Министр белгилегендей, эми окуучулардын сабактар боюнча жылдык жүктөмү 884 саатка кыскартылат.