Кыргызпатенттин делегациясы Түркиянын автордук укук боюнча Башкармалыгына иш сапар менен барды

Бүгүн, 5-апрелде Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Түркия Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин автордук укук боюнча башкы башкармалыгына (Анкара шаары) визит менен барды. Делегацияны Түркиянын автордук укук боюнча башкы башкармалыгын башкы директору Зия Ташкент тосуп алды.

4L7A9248 Кыргызпатенттин делегациясы Түркиянын автордук укук боюнча Башкармалыгына иш сапар менен барды

Аталган визит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумун (2021-жылдын 9-июну, Анкара шаары) ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Жолугушууда Кыргызпатенттин делегациясы Башкы башкармалыктын автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо, аларды каттоо, чыгармаларды сертификациялоо тутуму, адистештирилген бирикмелердин ишмердиги, автордук укукту Интернет тарамдарында коргоо, авторлордун чыгармачылыгын шыктандыруу ишмердиги менен таанышты.

Мындан сырткары, тараптар аталган ведомствонун креативдүү чөйрөнү өнүктүрүү жана окутуу тутумдары тууралуу маселелерди талкуулады.

4L7A9243 Кыргызпатенттин делегациясы Түркиянын автордук укук боюнча Башкармалыгына иш сапар менен барды

Жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн багыттарда кызматташтыкты бекемдөөнү, биргеликте конференцияларды, тегерек столдорду жана окутуу программаларын уюштурууну макулдашты.