Садыр Жапаров Кыргызстан элине маанилүү кайрылуу жасайт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элине маанилүү кайрылуу жасайт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде түз эфирде өлкө калкына маанилүү кайрылуу жасайт.

Кайрылуу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Эфир саат 18:30да башталат.