Алымкадыр Бейшеналиев: “Оорулуу бейтап болуп, айрым ооруканаларды текшерем”

“ЭлТР” телеканалына берген маегинде министр Алымкадыр Бейшеналиев айрым учурда оорулуу бейтап болуп, кээ бир ооруканаларды текшергени барарын билдирди.

Маектин ортосунда журналист андан спорт менен машыгасызбы деген суроо узатты.

Ага министр мурда такай машыгып келгенин айтып, учурда убактысы жоктугунун спорттук кийим кийип айрым ооруканаларды текшергенди адатка айлайдырып алганын белгиледи.

“Мисалы, бир жолу менде аппендицит деп бир ооруканага кайрылсам, мени операциялык столго жаткызышты. Андан кийин гана хирург менин денемдеги операциядан кийинки такты көрүп, мени карап, тааныды. Экөөбүз тең күлдүк.

-Анан кантип дагы текшерүү керек. Айтып барсам баарын даярдап коюшат. Ушундай текшерүүдөн кийин эгер жыйынтык жаман болсо, жетекчини өз эрки менен жумуштан кетүүсүн өтүнөм, – деди министр.