Ноокенде денеге оор залал келтирген жаран камакка алынды

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Үч-Булак айылынын тургуну 1988-жылы туулган О.Ж.ду ажырашып кеткен аялы Г.М.нын азыркы жолдошу “С.” пикир келишпестиктен таш менен башына уруп, денесине жарат келтирген.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу барып, керектүү материалдар чогултулуп алынган.

Аталган факт Ноокен райондук милиция бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (“Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.